ОшМУ Тхиенжин чет тилдер университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Тхиенжин чет тилдер университети менен кызматташат

Image

Бүгүн, 19-сентябрда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Тхиенжин чет тилдер университетинин ректору Чен Фачунь менен видео байланыш аркылуу кызматташуу меморандумуна кол койду.

Кол коюу аземине эки окуу жайдын тиешелүү структура жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам катышты.

Мындан ары окуу жайлар онлайн кредиттик дисциплиналарды окутууну жана үйрөтүүнү уюштуруу, биргелешкен окуу программаларынын алкагында кыска мөөнөттүү кесиптик жана тил курстарын ачуу, окутуучуларды, студенттерди академиялык алмашуу,  биргелешкен илимий конференцияларды өткөрүү, стипендиялык программаларга бирге катышуу, маданий алмашуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максаттарында кызматташат.

 “Тхиенжин чет тилдер университетинде дүйнөдөгү бардык тилдер боюнча билим берүү жүрөт экен, ошонун ичинде кыргыз тили боюнча да адистикти ачууга өздөрүнүн каалоолорун билдиришти. Биргелешкен тилдерди ачуу багытында долбоорлорду ишке ашырсак болот. Келечекте Кыргыз-Кытай факультети менен биргеликте Тхиенжин чет тилдер университетинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, чоң долбоорлорду ишке ашырабыз”,-деди окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков.

Учурда ОшМУ Кытай Эл Республикасындагы 45 ЖОЖ менен кызматташып келет, алардын ичинен 28 университет менен эки тараптуу келишимдери бар.

 

Фото галерея