ОшМУ: Баткенге жардам

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ: Баткенге жардам

Image

ОшМУнун Баткенге жана Чоң-Алайга жардам берүү штабы бүгүнкү күнү да кызуу иштеп жатат. Учурда башкы корпуска шаар тургундары, окутуучулар, студенттер азык-түлүк, кийим-кече керектүү гигеналык каражаттарды алып келип, акчалай дагы жардам көрсөтүүдө.

Окуу жайдын жатаканаларында Баткендин Тажикистан менен чектешкен айылдарынан эвакуацияланып келген,  жарандар үчүн  700 орун даярдалган болсо,  анын 500 орунуна жарандар жайгаштырылды. Аларга үч маал ысык тамак берилип, керектүү жууп тазалоо каражаттары, кийим-кече менен камсыздалды. Ошондой эле, шаарга келип квартираларга жайгашкан 20 баткендик үй-бүлөгө, шаардагы баткендик студенттерге  тамак-аш, кийим-кече жеткирилип жатат.

Бишкектеги жакындарына автоунаа менен  аттанган 22 жарандын  жана учак аркылуу учкан 3 жарандын жол акылары ОшМУнун алдында түзүлгөн штабда топтолгон акчадан төлөндү.

Мындан сырткары, Ош мэриясынын алдында түзүлгөн штабга 98 чоң сумка кийим-кече өткөрүлүп берилди. Лейлектеги чек ара заставасында жашаган бир үй-бүлөгө азык-түлүк жөнөтүлдү. Жатаканага жайгашкан бир кош бойлуу аялга эң зарыл болгон бардык каражаттар, кийим-кече берилип, төрөт үйүнө жаткырылды. Учурда ОшМУга келип түшкөн жарандардын ичинен бешөө ооруканага жөнөтүлдү. Алардын экөөсү ОшМУнун клиникасында даарыланууда.

Фото галерея