ОшМУда быйыл кандай курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрдү?

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда быйыл кандай курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрдү?

Image

Бул тууралуу Административдик чарба департаментинин директору Алтынбек Зайнидинов төмөнкүдөй маалыматтарды берди.

- 2021-2022-окуу жылын жыйынтыктап жатып биз жаңы окуу жылына жай ичи даярдыктарды көрдүк. Алгач курулуш иштерине токтоло турган болсок Түштүк-чыгыш Кампусунда китепканасы менен 5 кабаттуу окуу имаратынын  курулушун баштадык. Бул окуу имараттын курулуш иштери 2022-жылдын май айынан тартып кызуу  жүрүп жатат. Азыркы учурда, жогорку кабаттарынын куруу иштери уланууда.

Август айынын башында Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети үчүн 5 кабаттуу ветеринардык окуу корпусунун курулушуна капсула салынды. Учурда пайдубалын түптөө иштери жүрүп жатат. Ветеринардык клиниканы  да жаңы окуу жылына бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалган. Билим лицейи үчүн курулуп жаткан имараттын да курулушу толук аяктады. Сентябрда пайдаланууга берүү пландалып жатат. 

              

-Окуу корпустарда, жатаканаларда дагы кандай курулуш иштери жүрдү?

-Быйыл биз өзгөчө маданияттын башаты башталган ажатканаларды куруу, оңдоп-түзөө иштерине көбүрөөк басым жасадык. Айталы, Чыгыш таануу жана тарых факультети үчүн эскилиги жеткен ажаткананын ордуна 11 бөлмөлүү заманбап ажаткана курдук. Кыргыз-Европа факультети жана борбордук китепканага тиешелүү  ажаткананы, Бизнес жана менеджмент факультетинин  сырткы ажатканаларын жаңыладык. Ал эми Педагогика, психология факультетинин ажатканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.  

            

-Байкашыбызча башкы имаратта да тынымсыз оңдоо-түзөө иштери  жүрүп жатты бул боюнча да айта кетсеңиз?

- Башкы корпус жана КАМПУС аймагына банкомат жана  терминалдар үчүн жеңил типтеги кичи имараттарды курдук. Буга чейин банкоматтар окуу жайдын ичинде орун алгандыктан айрым учурда студенттердин көп топтолуп кеткендигин байкоого болот эле. Азыр короонун кире беришине атайын имарат курдук, анын ичинде тейлөө банкоматтары да көбөйтүлдү. Ошондой эле административдик чарба департаменти үчүн жеңил типтеги кошумча имарат салынды.

 

-Толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өтүп пайдаланууга берилген окуу  корпустары жана окуу кааналары жөнүндө айтсаңыз?

- Быйыл да башка жылдардай эле окуу корпустары, окуу кааналары толук оңдоп-түзөөдөн өттү десек жаңылышпайбыз. Атап айтсак:

  • Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде:
    • Окуу имаратына туташкан негизги суу түтүгү алмаштырылды;
    • №109,223 аудиториясын толук оңдоо-түзөө иштери жүрдү;
    • 1-2-кабаттагы аудитория жана кабинеттердин полдорун оңдоп-түзөп, паркет басуу иштери өттү;
  • Окуу корпустун 128,124,108 кааналары толук оңдоп-түзөлдү.
  • Педагогика, психология факультетинде:
  • Сырткы ажатканасы капиталдык оңдоп-түзөлдү;
  •  №200 аудиториясы заманбап үлгүдө жасалгаланды.
  • Факультетти жаңы окуу-жылына даярдоо иштери жүрдү.
  • Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде:
  •  Окуу корпусу толук оңдоп-түзөлдү;
  •  Корпустун айланасына брусчатка басылды.
  • Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде:
    • №312 кабинетти толук оңдоо-түзөөдөн өттү;
    • Ашканасына желдетүү системалары орнотулду;
  • Кыргыз-Кытай факультетинде:
    • Ашканасына желдетүүчү системалар орнотулду;
    • Жатакананын жуунучу бөлмөлөрүн толук оңдоп түзөтүлдү;
    • Куполдун полу керамогранитке жаңыланды;
  • Медицина факультети:
  • Факультетти толугу менен капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Эшиктери жаңыланып, полдоруна керамогранит басылып, дубалдары тегизделип краска берилип жатат.
  • 3 актылык чоң залдары оңдолуп, желдетүүчү системалар орнотулууда.
  • Эл аралык медицина факультетинде:
  • Коридор жана тепкичтеринин полдору керамогранитке  алмаштырылды;
  • Лекциялык залдары оңдоп-түзөлүп, желдетүүчү системалары орнотулду;
  • Эки лекциялык залдарына жумшак креслолор коюлуп, чоң актылык залга айлантуу иштери жүрдү.
  • Искусство факультетинде:
  • Жер төөлөсүндө жайгашкан окуу кааналары оңдоп-түзөлдү;
  • Сырткы ажаткананы толук ремонттон өткөрдүк;
  • Сырткы жасалгалоо иштери жүрдү (комуз ж.б.);
  • Борбордук китепкананын имаратында:
  • DATA борбору үчүн кошумча кабинет толук оңдоп-түзөөдөн өттү;
  • Башкы жыйындар залы оңдоп-түзөлдү;
  • Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинде:
    • Каридорлорду жана кабинеттерди дизайнердик оңдоп-түзөө иштери жүрдү;
    • Желдетүү системасы орнотулду;
  • Медициналык колледжде:
    • №100,101,103,106,108,228,401,304,306 кааналарын толук оңдоо-түзөө иштери болду.
  • Медициналык клиникада:
  • Клиниканын 1-3-кабаттарын жандандыруучу жана операциялык блокко өзгөртүү иштери жүрдү;
  • Клиниканын сырткы бөлүгүнө лифт орнотулду.
  • Мектеп-гимназияларда:
  • Ноокат гимназиясы, Кара-Суу гимназиясы толук оңдоп-түзөлдү.
  • «Зирек» башталгыч билим берүү мектебинин айланасына толук пескоблок менен тосуу иштери да жүргүзүлдү.
  • №4 б студенттик жатаканасында:
    • Ажатканасы жана жуунучу бөлмөлөрү оңдоо-түзөөдөн өттү;
  • №1, №3 жатаканалар
  • Сырткы козерогтору жаңыланды;
  • №1 жатакананын сырткы бөлүгүндө жайгашкан студенттик медициналык кароо бөлүмү стомотологиялык клиника болуп өзгөртүлүп, капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, медициналык жабдыктар менен жабдылды.
  • №3 жатакананын ички жуунучу бөлмө жана ажатканалары оңдолду;

        

Мындан сырткары башкы имаратты ала турган болсок 2-3-кабаттагы аудитория жана кабинеттердин полдорун оңдоп-түзөп,   паркет басуу иштери жүрдү.  Тротуарды кеңейтүү үчүн тосмону жылдыруу, №117 жана №110 кааналардын ички ремонту, желдетүү жана кондиционерлерди орнотуу иштери жүрдү. Илимий китепкананын жер төлөсүн капиталдык ремонттоо иштери болду.

          Берген маалыматтарыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңиздерде ийгиликтер болсун!
      

          Белгилей кетсек, окуу жайда бул сыяктуу оңдоп-түзөө, курулуш иштери жыл ичи уланып келет. Учурда кышка даярдык иштери да кызуу жүруп жатат.

          Мындан ары да университеттеги ар бир стуруктуралардагы аткарылган иштер боюнча маалыматтарды берүү уланатылат.

                                                                                                                                                                                                                            Маектешкен: ОшМУнун басма сөз кызматы