Кыргыз тили – улуттук иденттүүлүктүн негизи, улуттук наркыбыздын өзөгү

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз тили – улуттук иденттүүлүктүн негизи, улуттук наркыбыздын өзөгү

Image

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 23-сентябрь ‒ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз тили – улуттук иденттүүлүктүн негизи, улуттук наркыбыздын өзөгү, руханий азыктануубуздун булагы. Ал – ата-бабаларыбыз бизге калтырган асыл мурас, келечек муундарга өткөрүлүп бериле турган ыйык аманат. Бул аманатты аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз! Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай милдет болсо, тилди сактоо, коргоо жана өнүктүрүү дал ошондой милдет болууга тийиш!

Анткени эгемендүүлүк жана тил маселеси – тагдырлаш, ажырагыс түшүнүктөр. Кыргыз Республикасынын эгемендигине жетүү үчүн жасалган алгачкы аракеттер эне тилибизди жоголуудан сактап калуу кыймылынан башталганы белгилүү. Өткөн кылымдын

80-жылдарынын аягында ал кыймыл зор коомдук күчкө айланып, кыргыз тилинин мамлекеттик макамын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкен.

Тил сүйлөбөсө – дил сенек болот. Тил колдонулган учурда гана өнүгөт, өөрчүйт. Эгемендүүлүк жылдары мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү жаатында көп иштер жасалды, бирок аткарылуучу иштер андан да көп.

Коомубузда кыргыз тилине болгон кайдыгер, ыкшоо мамиледен дагы эле арыла албай келебиз. Ач кыйкырык, кур сүрөөн менен алыс бара албайбыз.

Ошондуктан биз өзүбүз үлгү бололу деп азыр мамлекеттик тил маселесине олуттуу мамиле жасап, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө олуттуу көңүл буруу башталды. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жат жазуу жазып, мамлекеттик тил боюнча атайын тест тапшырып жатышат. Мындай талап мындан ары да күчөйт, тиешелүү чаралар көрүлө баштайт.

Мамлекеттик тил – улут аралык ынтымакты камсыздаган маанилүү фактор болушу абзел. Мамлекеттик тилди этностор аралык баарлашуунун тилине айлантууга жана элибиздин биримдигин чыңдоого шарт түзүүгө багытталган кадамдар декларациялык мүнөздө стратегиялык документтерде эле калбашы керек!

Мамлекеттик тил мартабасын алган эне тилибиздин түбөлүгү түз, майрамыбыз куттуу болсун!

Баарыңыздарды мамлекеттик тилибизге, элибизге ак кызмат кылууга чакырам!”.