Балдарга маданий программалар тартууланып жатат

Башкы Жаңылыктар

Балдарга маданий программалар тартууланып жатат

Image

 

 

ОшМУнун англис тилчи окутуучулары KG TESOL  англис тилчилер ассоциациясынын окутуучулары менен биргеликте Баткен облусунан эвакуацияланып келген жарандардын балдарына маданий, таанып билүүчүлүк иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Алар дем алыш күндөрү 60 баланы Ош шаарындагы  Marilyn кинотеатрына, андан соң   Pizz Burg пиццериясына алып барып тамактандырышты. Окутуучулар ыктыярчылар менен биргеликте жагымдуу маанайда тартууларган программага күбө болушту.

“Биз буга чейин балдар менен жеринде жолугуп, ар түрдүү маанай көтөрчү иш-чараларды уюштуруп жатканбыз. Кийинчерек дагы кандай кылсак балдарыбыздын көңүлү аз да болсо көтөрүлөр экен деп ойлонуп Ленин көчөсүндөгү ушул эки мекемеге кайрылдык. Алар да макул болушту. Негизинен 30 балага деп пландаган элек, кийин жалы 60 бала болгондугуна карабай алар аябай жакшы тосуп алышты. Биз бул мекемелерге аябай ыраазы болдук. Эч бир жерде мындай окуялар болбосун, элибизде тынччылык болсун”, -деди уюштуруучулардын бири Жамила Жайлиева.

 

Фото галерея