Контрацепция: Сиздин жашооңуз, сиздин жоопкерчилигиңиз

Башкы Жаңылыктар

Контрацепция: Сиздин жашооңуз, сиздин жоопкерчилигиңиз

Image

ОшМУнун Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору  26-сентябрда Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттерине “ОшМУнун ординаторлору  каалаган кош бойлуулук жана бактылуу эне болуу үчүн” аттуу жаштар конференциясын өткөрдү.
Иш-чара механикалык жана химиялык жол менен кош бойлуулуктун алдын алуунун эл аралык күнүнө арналды. Конференцияга  айыз цикли, өспүрүмдөрдүн жана аялдардын гигиенасы тууралуу акушер-гинеколог, Н.Каримова, хирургиялык адистиктер боюнча программалар бөлүмүнүн клиникалык башчысы Г.Кочконбаева механикалык жана химиялык жол менен кош бойлуулуктун алдын алуунун актуалдуулугу тууралуу айтып берди. 
Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден тиешелүү жоопторду алды. Активдүү катышуучулар брошюралар жана календарлар түрүндөгү презентациялар менен сыйланды. Репродуктивдүү ооруларды аныктоо, контрацепция жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маалымдуулукту талдоо үчүн бардык катышуучулардан анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлдү.
Конференциянын соңунда Эл аралык билим берүү программалары колледжинин  директору А.Зулпукарова  ОшМУнун Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Фото галерея