Кыргыз тили-көөнөрбөс тил

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз тили-көөнөрбөс тил

Image

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Көөнөрбөс кыргыз тили” аттуу иш-чара болуп өттү.  Ага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, колледждин окутуучулук жамааты,  студенттер катышышты. Кечеде эне тилди даңазалаган ыр, бийлер орун алып, сахналык көрүнүштөр тартууланды. Жыйынтыгында буга чейин өткөрүлгөн “Көчмө маданияттын көз мончогу” деген улуттук буюм-тайымдарды таануу максатында тайпалар арасында өткөн сынактын жана дилбаяндардын жыйынтыгы чыгарылып, студенттерге сыйлыктар тапшырылды.

Окуу жайда Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата 3 айлык жарыяланган. Буга чейин студенттер арасында  “Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил” аттуу долбоорлор, “Окуу-дидактикалык тапшырмалар” китебинин негизинде Kahoot программасы аркылуу сынактар өткөрүлдү.

Иш-чара Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулду.

Фото галерея