Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү

Башкы Жаңылыктар

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү

Image

Жыл сайын 29-сентябрда дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленип келет.

Жүрөк күнүнө карата ОшМУнун башкы имаратында акысыз медициналык кароодон өткөрүү иш-чарасы өтүп жатат. Анда окуу жайда эмгектенген окутуучулар, кызматкерлер, шаар тургундары  кан басымын текшертип,  ЭКГдан өтүшүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык кеңештер берилип, көрсөтмөлөр айтылып жатат. Аталган иш-чара ОшМУнун медициналык клиникасынын дарыгерлери, дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун окутуучулары, ординторлору тарабынан уюштурулган.

Жүрөк күнү 1999-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп келет.

Фото галерея