Өзгөн эл аралык медициналык колледжи аймактагы ишембиликке катышты

Башкы Жаңылыктар

Өзгөн эл аралык медициналык колледжи аймактагы ишембиликке катышты

Image

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери ишембиликке чыгышты. Анда студенттер Ош-Бишкек унаа жолунун Ана-Кызыл участогун тазалашты . 
Ишембилик Өзгөн району боюнча өткөрүлүп, ага колледждин 30дан ашуун студенти, Өзгөн районунун аймагындагы мекеме ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары катышты.
Жыйынтыгында райондун  23 миң га жер аянты тазаланып, 125 миң тонна таштанды чыгарылды.
Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын негизинде өткөрүлдү.

Фото галерея