IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ОшМУнун студенти жана бүтүрүүчүсү ийгилик жаратты

Башкы Жаңылыктар

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ОшМУнун студенти жана бүтүрүүчүсү ийгилик жаратты

Image

Казак күрөшү боюнча катышкан Динара Камчыбекова күмүш байгеге татыды. Ал колунан алган жаракатынан улам финалдык беттешке катыша алган жок. Динара Камчыбекова  ОшМУнун Медицина факультетинин 3-курсунун студенти. 
Динара Камчыбекова дзюдо жана алыш күрөш боюнча спорттун чебери. Буга чейин өткөн Азия чемпионатында күрөштүн классикалык түрү  боюнча  катышып, коло медалды жеңип алган.
Ал эми ОшМУнун бүтүрүүчүсү  Элзада Момунжанова алтын байге утуп, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды. Элзада университеттин Эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Кечээ кечинде Изникте 102 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышкан мелдештин салтанаттуу жабылуу аземи өттү. Кийинки оюндар 2024-жылы Казакстанда өтөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынашты.

Фото галерея