Мугалимдик кесип - сыймыктуу  кесип!

Башкы Жаңылыктар

Мугалимдик кесип - сыймыктуу  кесип!

Image

5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы – Мугалимдер күнү. Майрамга карата ОшМУнун факультет, коллеждеринин студенттери майрам ээлерин эрте менен мугалимдерди даңктаган ырлар, шириндиктер, гүлдөр менен тосуп алышты.
Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул Мугалим.
Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да - Мугалим.
Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп урушуп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы мугалимдерге таазим!
Майрамыңыздар кут болсун!

Фото галерея