Кыргызстандын делегациясы КМШда Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын талкуулоодо

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандын делегациясы КМШда Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын талкуулоодо

Image

2022-жылдын 5-октябрынан 7-октябрына чейин Астана шаарында “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жаңы реалдуулукта билим берүүсү жана постпандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы” темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин VII съезди өтүүдө.

Кыргызстандын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мугалимдер, тарбиячылар жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери бар.

Съезддин салтанаттуу ачылышында кыргыз делегациясынын башчысы, министрликтин эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан Кожоев министрликтин жетекчилигинин атынан кайрылуу сөзүн сүйлөдү. Делегациянын өкүлдөрү Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалына катышууда.

Съезддин ишине Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Россия, Кыргызстандын мугалимдери жана билим берүү системасынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитети катышууда.

https://edu.gov.kg/posts/908/

Фото галерея