Дүйнөлүк инвестициялык компания кызматташууга кызыктар 

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөлүк инвестициялык компания кызматташууга кызыктар 

Image

Бүгүн 7-октябрда ОшМУга Урал регионунда жайгашкан Дүйнөлүк инвестициялык компаниянын жетечиси  В.Ф.Славина менен Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары М.В.Федоров келди.
Алар ректор К. Кожобеков менен жолугуп, баарлашты. Дүйнөлүк инвестициялык компаниянын жетечиси  В.Ф.Славина студенттердин стартап борборлору менен таанышып, алдыда бизнес идеяларды ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартып кызматташууга кызыктар экенин билдирди. 
Өз кезегинде окуу жай жетекчиси К.Кожобеков университеттин тышкы байланыштары, студенттердин, окутуучулардын бизнес идеяларын ишке ашырууга багытталган иш-аракеттер жана Жаштар бизнес паркы боюнча маалыматтарды берди. 
Коноктор Эл аралык билим берүү программалар жогорку мектебинде ачылган Жаштар бизнес паркында болуп, стартаптар менен таанышат. Эгерде алардын талабына жооп берген мыкты бизнес идеялар болсо, менторлорду таап каржылоого жардам беришет. 
Коноктор Ош шаарында өтүп жаткан  Орус-Кыргыз инвестициялык форумуна катышып жатат.

Фото галерея