ОшМУ Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы ишембиликке катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы ишембиликке катышты

Image

ОшМУнун 1000ден ашуун студенттери жана окутуучулары Улуттук тазалык күнүнө карата курчап турган чөйрөнү тазалоо боюнча жалпы республикалык ишембиликке катышты.  

“Студенттер шаардагы эс алуучу жайлардын, сейил бактардын,  Сулайман-Тоонун айланасын жана шаардын борбордук көчөлөрүн, ошондой эле окуу жайдын имараттарынын короолорун жана ичин иреттеп, таштандылардан арылтышты. Ишембиликке катышкандарга 500 таштанды салуучу кап, 200 баштык, 350 даана кол кап  таркатылып берилди”,- деди окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова.

 Ишембиликке жалпысынан шаар боюнча  30 миңден ашык адам катышкан.

Фото галерея