"Үмүт" телестудиясы факультеттерге болгон саякатты Искусство факультетинен баштады

Башкы Жаңылыктар

"Үмүт" телестудиясы факультеттерге болгон саякатты Искусство факультетинен баштады

"Үмүт" телестудиясы факультеттерге болгон саякатты Искусство факультетинен баштады. Бул көрсөтүүдө билим алууга түзүлгөн шарттар, илимий, өндүрүштүк базалар жөнүндө маалыматтар берилген.

1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында музыкалык-педагогикалык факультети ачылган. КРнын Билим берүү министрлигинин 1993-жылдын 6-августундагы №335/1 жана ректордун 1993-жылдын 2-сентябрындагы №83 буйругуна ылайык педагогика факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын биригүүсү менен искусство факультети уюштурулган.

Факультеттин миссиясы - көркөм өнөр, музыка, эстрада, дизайн багытында, азыркы базар экономикасынын талаптарына ылайык, жаңы технологияларды колдоно билген, ар тараптуу, атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку билимдүү адистерди даярдоо. Алыскы жана жакынкы жерлерде жетишсиз болуп жаткан адистиктерди камсыз кылып туруу. Искусство факультети коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Казахстан өлкөлөрүнө жана Ош областынан сырткары, Жалал-Абад, Баткен,Талас,Чүй ж.б. областтарына тиешелүү адистерди даярдайт.

 

https://www.youtube.com/watch?v=FG3EAnFbGXM