1-курстар аралык студенттик спартакиада башталды

Башкы Жаңылыктар

1-курстар аралык студенттик спартакиада башталды

Image

ОшМУда бүгүн, 13-октябрда Эл аралык спорт күнүнө карата  уюштурулган факультеттер аралык студенттердин спартакиадасы башталды. Ачылуу аземинде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова мелдешке катышып жаткан командаларга ийгилик каалап, университетте студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.

Мелдештер спорттун волейбол, жеңил отлетика, кичи футбол, баскетбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол боюнча өтүп, ага окуу жайдын бардык факультеттеринен командалар катышууда.

Жеңишке жеткен командаларга жана спортчуларга сыйлыктар каралган. Спартакиада  13-18-октябрь күндөрү окуу жайдын спорт комплекстеринде өтөт.

Спартакиада студенттерди сергек жашоого үндөө, студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо, университеттин курама командаларына мыкты спортчуларды алуу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

Фото галерея