“Жетекчи менен бир саат”: Конокто проректор Мастура Шарипова

Башкы Жаңылыктар

“Жетекчи менен бир саат”: Конокто проректор Мастура Шарипова

Image

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан ай сайын уюштурулуп келген “Жетекчи менен бир саат” аттуу жолугуусунун кезектеги коногу окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова болду.

Жолугушуунун коногу биринчи бөлүктө студенттерге мамлекеттик тилди жайылтуу  багытында аткарылып жаткан иштер, студенттерге каралган социалдык пакет, колдоолор боюнча маалымат берди. Экинчи бөлүгүндө мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, улуттук таалим-тарбия боюнча мотивациялык тренинг өттү. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп берди. Кызыктуу суроо берген студенттер баалуу китептерди белекке алышты.

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты  студенттер менен жетекчилердин ортосундагы  байланышты чыңдоо, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп алып берүү максатында  ай жайын жолугушууларды уюштуруп келет.

Фото галерея