ОшМУнун окутуучусу "Илим-мамлекеттик тилде" атуу конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу "Илим-мамлекеттик тилде" атуу конференцияга катышты

Image

ОшМУнун физика-техника факультетинин окутуучусу, ф.-м.и.к.  Айнагул Орозбаева 13-сентябрда Бишкек шаарында өткөн "Илим-мамлекеттик тилде" аттуу илимий-практикалык конференцияга катышып, "Физика-математика илиминдеги мамлекеттик тилдин орду" деген темада баяндама жасады.

Конференция КРдин Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган. Конференцияны аталган институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев алып барды.

Аталган конференцияга КРдин Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев баштаган белгилүү окумуштуулар катышты.

“Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдогу абалы, илимий чөйрөдөгү орду, илимдин тилинин статистикалык аспектиде каралышы, ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу маселелер талкууланды”,- дейт Айнагул Орозбаева.

Фото галерея