Батыш Чех университетинин студенттерине ОшМУнун сертификаттары тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

Батыш Чех университетинин студенттерине ОшМУнун сертификаттары тапшырылды

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  Чехия мамлекетинин Батыш Чех университетинен келип, ОшМУдан билим алган студенттер менен жолугушту. ОшМУдагы окууларын ийгиликтүү аяктаган 12 студентке ОшМУнун сертификаттарын тапшырды.

Студенттер Кыргызстандын маданияты, билим берүүсү менен таанышып, ОшМУда билим алып жаткан жаштар менен пикир алышып, достошуп, Ош шаарынын тарыхый, кооз жайларында болуп көп маалыматка ээ болушкандыктарын, мындан ары да эки университеттин кызматташтыгынын артуусуна салым кошушарын белгилешти.

“18-сентябрь күнү биз Ош шаарына биринчи жолу келдик. Келгенден тартып эле ОшМУдан  билимибизди улантып баштадык. Менин Кыргызстандагы билим алууга болгон сапарым жемиштүү болду. Анткени окуу жайдагы студент достор  жана окутуучулар бизди жылуу тосуп алышты. Мугалимдеринин сабак өткөнү, меймандостугу биздин эсибизде калды. Негизи эле  Кыргызстандыктар аябай  меймандос эл экен”, -деди Батыш Чех университетинин студенти Роман Порядин.

ОшМУ Батыш Чех университети менен 2018-жылдан бери академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташып келет.

 

Фото галерея