ОшМУнун студенти дүйнө чемпиону 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти дүйнө чемпиону 

Image

Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында бел боо күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта ОшМУнун МИТ факультетинин студенти Баяман Абидинов дүйнө чемпиону болду. 
Баяман Абидинов 57кг салмакта күрөштү. Финалда казакстандык балбан менен күрөшүп, жеңишке жетти. Буга чейин Туркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында татар күрөшү боюнча күч сынашып, коло байге тагынган.
Жаштар арасында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 15 өлкөдөн спортчулар катышты.

Фото галерея