Абитуриент: Жогорку окуу жайларындагы кышкы кабыл алуу планы

Башкы Жаңылыктар

Абитуриент: Жогорку окуу жайларындагы кышкы кабыл алуу планы

Image

2022-жылдын 17-октябрында Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиген.

Ага ылайык, жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана жүргүзүлөт.

Ал эми кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган жарандар катыша алат.

Белгилей кетсек, кышкы жалпы республикалык тестирлөө 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин өтөт.

Кышкы кабыл алуу планы