Тоо экосистемаларын коргоо учур талабы 

Башкы Жаңылыктар

Тоо экосистемаларын коргоо учур талабы 

Image

ОшМУда Тоо экосистемаларынын туруктуулугу: өздөштүрүү жана коргоо аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциясы башталды. Ага Польша, Болгария, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген илимпоздор, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ректор К.Кожобеков баштаган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышууда. 
Жыйында тоо экосистемасын коргоо, аны туура пайдалануу багытындагы илимий баяндамалар жасалды. 
ОшМУда президенттин жарлыгынын негизинде Токой аянтын жылына 5-6 млн даракка көбөйтүү аркылуу өлкөнүн климаттык туруктуулугун жогорулатуу максатында «Жашыл мурас» улуттук компаниясы түзүлгөн. Мында табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин, география жана туризм багыттарынын студенттери жана окутуучулар жамааты Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы 2017-жылы жер сүрүлүү жүргөн жерге 200 түп дарак көчөттөрүн отургузуп, жаңгак уруктарын ташташты. Ошондой эле, ар бир факультеттерде жылына 10 миңден ашуун көчөттөрдү отургузуу иш-чаралары үзгүлтүксүз аткарылууда.   
Өлкөдөгү ата-мекендик окуу жайлардын ичинен алгачкылардан болуп ОшМУда стимулдаштыруучу  гранттары аркылуу илимий долбоорлорду тандоо жана каржылоо боюнча атайын каражат бөлүнүп, 2021-жылы 5 млн.сомго 9 долбоор, 2022-жылы 12 млн.сомго 14 долбоор каржыланууда. “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына” карата багытталган долбоорлорго артыкчылык берилип, университет тарабынан каржыланган илимий долбоорлордун 70%ын  түздү. 
Илимий-практикалык жыйын 2 күн болот. Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы жарлыгынын алкагында уюштурулду.

Фото галерея