Туркия менен байланыш жаңы баскычка көтөрүлөт

Башкы Жаңылыктар

Туркия менен байланыш жаңы баскычка көтөрүлөт

Image

ОшМУ менен Туркиядагы ЖОЖдордун ортосундагы байланышты чыңдоого,кызматташууну мындан да ирилештирүүгө Туркия тарап кызыктар. Мындай маалымат ректор Кудайберди Кожобеков менен Туркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дүлкадыр жана "Томер" түрк тилин үйрөнүү борборунун директору Мустафа Булут менен жолугушуусу учурунда айтылды. 
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Туркиядагы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, биргелешип илимий, маданий иш-чараларады өткөрүү, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сөз болду.
Учурда ОшМУ Туркиянын 50дөн ашуун ЖОЖдору менен кызматташат. Бул жылы  Сулайман Демирел , Памуккале, Каратекин университеттери менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду.