ОшМУда окутуучулар ортосунда спартакиада башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окутуучулар ортосунда спартакиада башталды

Image

ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун 5 түрү боюнча спартакиада башталды.

Волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультеттеринен, колледждеринен, мектеп-лицейлеринен командалар катышууда.

Мелдештер жылдагыдан өзгөчөлөнүп 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку аялдар жана эркектер арасында өтөт. Оюндар бир убакта эмес, декабрь айына чейин жуманын ар жума жана ишемби күндөрү бирден спорттун түрү боюнча болот.  21-октябрда башталган спартакиада 10-декабрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланат.

Фото галерея