Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны 

Башкы Жаңылыктар

Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны 

Image

Бүгүн, ОшМУда 1952-жылдагы «Манас» эпосун изилдөөгө арналган Бүткүл союздук конференциянын 70 жылдыгына жана анын демилгечиси Кыргыз Республикасынын Баатыры, чыгаан мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнүнө арналган иш-чара өттү.
Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган композициялык көрүнүш менен башталды. Анда Исхак Раззаковду даңктаган ырлар, анын кыргыз эли үчүн жасаган иш-аракеттери камтылган монологдор камтылды.
Ошондой эле, мамлекеттик жана коомдук ишмер И.Раззаковдун кыргыз элинин көркөм мурастарына кошкон салымы, И.Раззаковдун “Манас” элдик эпосуна кошкон салымы боюнча баяндамалар жасалды.
Иш-чарага Кыргызстан калк Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

Фото галерея