ОшМУ менен Фергана политехникалык институтунун кызматташтыгы артат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Фергана политехникалык институтунун кызматташтыгы артат

Image

Фергана политехникалык институтунун илимий жана илимий педагогикалык кадрларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Сиражддин Эргашов баштаган делегация окуу жайга келди. Делегациянын курамындагы  факультеттердин декандары, структура жетекчилери, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери менен жолукту.

Мында эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, биргелешкен макалаларды чыгаруу жана эл аралык рейтингдерге катышууда өз ара көмөк көрсөтүү маселелери боюнча сүйлөшүлдү.

Жолугушууларда мындан ары эки тараптуу байланышты күчөтүп, эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо биргелешип кызматташуу тууралуу кеңири сөз болду.

Буга чейин студенттер мобилдүүлүк программасынын алкагында жайкы мектепке барып, окуп келишкен. 1-ноябрда ОшМУдан 15 студент билим алууга барат.

Фото галерея