«Новатор-2022» эл аралык IV илимий-билим берүүчү жаштар форуму өттү

Башкы Жаңылыктар

«Новатор-2022» эл аралык IV илимий-билим берүүчү жаштар форуму өттү

Image

Белорусиянын Барановичи мамлекеттик университетинде «Новатор-2022» эл аралык IV илимий-билим берүүчү жаштар форуму өттү. Форумду БарМУнун ректору Александр Унсович ачып, өнөктөш уюмдарга, жогорку окуу жайларга биргелешкен кызматташтыктар үчүн ыраазычылык билдирип, жаштардын кесиптик, социалдык жана инсандык сапаттарын өнүктүрүү, университеттин илимий жашоосуна катышуу, алардын жеке демилгелерин жаратуу жана аларды практикалык сыноодон өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

ОшМУнун атынан онлайн байланыш аркылуу эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев сөз сүйлөп, мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун белгиледи. Андан сырткары чыгармачылык жана коммерциялык демилгелерди стимулдаштыруу максатында ОшМУда жаштар арасында ишкердикти колдоонун инструменттери иштелип жатканын айтты. Биз креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлор ачылгандыгын кошумчалады.

Форумга Беларусиянын жана Орусиянын 24 жогорку окуу жайларынан 500дөн ашык жаш окумуштуулар, студенттер жана окуучулар катышты.

 

 

Фото галерея