Мамлекеттик кадр агенттиги менен меморандумга кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

Мамлекеттик кадр агенттиги менен меморандумга кол коюлду

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгы Ош мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташууга кызыктар.

Бул туурасында бүгүн, 27-октябрда  ОшМУ менен Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу учурунда айтылды.

Ага Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зарлык Турганбаев, окуу жай жетекчиси Кудайберди Кожобеков, структура жетекчилери катышты.

Меморандумда конок лекцияларды, мастер-класстарды (анын ичинде онлайн) өткөрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен окууларды уюштуруу, тараптардын кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, билим берүүнү жана жаштарды өнүктүрүү боюнча илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, семинарларды уюштуруу жана биргелешип катышуу каралган.

Ошондой эле, сынакка катышуу үчүн талапкерлерди даярдоо,  аларды мамлекеттин, мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрларынын облусттук жана муниципалдык резервине киргизүү иштери жүрөт.

Мындан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелери боюнча семинарларга жана тренингдерге катышуу үчүн профессордук-окутуучулук курамды тартуу маселелери камтылган.

Буга чейин Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгы окуу жайдын Бизнес жана менеджмент факультети, Индустриалдык-педагогикалык колледжи менен кызматташып келген. Былтыркы жылы башкармалыктын сунушу менен өндүрүштүк практикага  айыл өкмөттөрүнө  барган Индустриалдык-педагогикалык колледждин бүтүрүүчү курстары жумуш менен да камсыз болгон.

Фото галерея