ОшМУ менен “Anglia examination” билим берүү мекемесинин ортосунда меморандумга кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен “Anglia examination” билим берүү мекемесинин ортосунда меморандумга кол коюлду

Image

ОшМУнун ректору  Кудайберди Кожобеков Улуу Британиядагы “Anglia examination” билим берүү мекемесинин Кыргызстандагы долбоорунун жетекчиси Тилек Үркүнчиев менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Саамалыкка Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат   Сагындыкова, Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору Аида Зулпукарова жана окутуучулар катышты. Онлайн байланыш аркылуу Улуу Британиядан мекеменин өкүлдөрү  Айла Даколлари, Артур Банаев күбө болушту.

Бул долдоордун алкагында учурда ОшМУдан 100 студент тесттен өтүп, билим алууну баштады. Алар “Anglia examination” усулун колдонуп бир жыл аралыгында билим алат.

2023-жылдын 9-14-январь күндөрү ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен эки окутуучу, Эл аралык билим берүү программалары колледжинен бир окутуучу Улуу Британиядан билимин жогорулатып келишет.

“Anglia examination” мекемеси Борбор Азияда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачып жатат. Максаты TOEFL, IELTSке окшош эл аралык сертификатты Кыргызстанга киргизүү болуп саналат. Бул пилоттук долбоорго Кыргызстандагы 4 мектеп, 3 ЖОЖ кирген.

Фото галерея