Наманган мамлекеттик университети менен кош дипломдуулук программасы ишке ашат 

Башкы Жаңылыктар

Наманган мамлекеттик университети менен кош дипломдуулук программасы ишке ашат 

Image

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин  колдонмо математика жана графикалык дизайн кафедрасынын окутуучуларынан турган топ Наманган мамлекеттик университетинде болушту. Делегацияны ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова жетектеп барды. 
Иш сапарга колдонмо математика жана информатика адистигине кош дипломдуулук, биргелешкен билим берүү программаларын ачуу жана тажрыйба алмашуу максатында барышкан.  
Наманган мамлекеттик университетинде Математика факультетинин деканы Рустам Нарзуллаев,  академик Музаффар Рахматтулаев баштаган жамаат менен жолугуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышты. 
“Биздин сунуштарыбызды колдой тургандыгын билдирген жамаат байланышты күчөтүүгө, биздин окуу жай менен иштешүүгө кызыктар экенин билдиришти. Мындан ары илимий иштерде кызматташып, конференцияларды чогуу өткөрүү, аспиранттарга оппонент болуу, QS рейтингде биргелешип иштешүү сунушташтарын беришти”,- дейт математика жана графикалык дизайн кафедрасынын башчысы Бектур Азимов.

Фото галерея