Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев ОшМУда

Image

Бүгүн, 28-октябрда Москва шаарында өткөн 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон туңгуч кыргыз спортчусу, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев жана  спорт боюнча бир нече китептердин автору, журналист, публицист Кабыл Макешов  ОшМУга келишти.

Алар окуу жай жетекчиси Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, баарлашты. Ректор өз сөзүндө  университетте спорт багытындагы аткарылган алыгылыктуу иштер, студенттердин жетишкендиктери боюнча маалымат берди. Жолугушуунун аягында Каныбек Осмоналиев өзүнүн калемине таандык эки китебин белекке берди. Ошондой эле, автордук китептерин  окуу жайдын китепканасына тапшырды.

Андан соң коноктор Индустриалдык-педагогикалык колледжине барып, студенттер, спортко кызыккан жаштар менен жолукту. Спорттогу ийгиликтери, тажрыйбасы менен бөлүшүп, суроолорго жооп берди.

Эртең Каныбек Осмоналиев Ош шаардык бокс жана оор атлетика мектебинде спортчулар, машыктыруучулар менен жолугат.

Фото галерея