ОшМУда заманбап бий өнөрүн үйрөткөн студия ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда заманбап бий өнөрүн үйрөткөн студия ачылды

Image

ОшМУнун башкы имаратында заманбап бий өнөрүн үйрөткөн “MD STUDIO” бий залы ачылды. Ачылыш аземине окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, окуу жайдын Жаштар бизнес паркынын жетекчиси Эрлан Камалов, студенттер катышты.

Жаштарды сергек жашоого үндөгөн заманбап бий студиясы ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин 3-курсунун студенти, 17 жаштагы Шоятбек кызы Майрамдын студенттик стартап долбоору.

Майрам Жаштар бизнес паркынын 3-агымында тренингден өтүп, аталган бизнес долбоорун сунуштаган. Ал Бишкек, Ош шаарларынан сырткары Казакстан жана Туркиядан заманбап бий өнөрү боюнча билим алган. Аталган бизнес идеясы үчүн  грант да утуп алган. Учурдагы бий залын ОшМУ акысыз колдонууга берди, эми бул залда 6 жаштан жогору улан-кыздардан тартып, бала менен үйдө олтурган энелер да катыша алат.

Шоятбек кызы Жылдыз студия тууралуу мындай дейт: “Биздин студия заманбап бийдин 8 түрүн үйрөтөбүз.  Башка бий залдарынан өзгөчөлүгү бул жерде энелер үчүн да шарт түзүлөт. Анткени бөбөктөр үчүн атайын бурч орун алып, энелер бий үйрөнүп жактанда бөбөктөрүн карап турган атайын жардамчылар да болот. ОшМУнун окутуучулары, студенттеринен сырткары шаар тургундары да келип катышса болот”.

“Өткөн окуу жылын жыйынтыктап жатып биз студенттерден анкета алганбыз. Анда сабактан тышкаркы убакытты кандай өткөрүп жатасынар, окуу жай тарабынан дагы кандай шарттар түзүлүшүн каалайсынар деген сурообузга  студенттер ушундай студиялар болушун каалай тургандыгын билдиришкен эле, бүгүн ушул сунуш менен да Майрамдын долбоору айкалышып турат”, - деди долбоордун ментору Жылдыз Артыкова.

Жаштар бизнес паркы ОшМУдагы  студенттерге, окутуучуларга стартаптарды иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашырууга чейин окутуп багыт берет. Ошондой эле мыкты бизнес идеяларды ишке ашыруу үчүн каражат табууга көмөктөшөт.

Фото галерея