“ОшМУ” командасы жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУ” командасы жеңишке жетти

Image

 Жалал-Абад шаарында Самаган Жапарбаевдин элесине арналган кыз-келиндер арасында волейбол боюнча  облустар аралык мелдеш уюштурулду.  8 команда таймашып, соңунда Ош шаарынын атынан катышкан  «ОшМУ» командасы 1-орунду ээледи. Уюштуруучулардын атынан 30 мин сом акчалай сыйлык, кубок, диплом менен сыйланды.

“Аталган мелдеште 2-орунду Баткен областынын, 3-орунду Жалал-Абад областынын курама командалары ээледи. “ОшМУ” командасынын оюнчусу, Дене тарбия факультетинин студенти Маматжан кызы Адина “Эң мыкты чабуулчу” номинациясына ээ болду”, -деди команданын тренери Нурзат Исмаилова.

Фото галерея