Франциянын Пуатье университети менен жаны кызматташтыктар талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Франциянын Пуатье университети менен жаны кызматташтыктар талкууланды

Image

Франциядагы Пуатье университети менен ОшМУнун ортосунда видеоконференция уюштурулду. Жолугушууга Пуатье университетинин жооптуу өкүлү Филипп Рогжон жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус катышты. ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, окуу жайдын Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучулары тобу болду.

Филипп Рогжон Пуатье университети студенттерди жана окутуучуларды алмашуу үчүн Эразмус+ программасынын алкагында грант утуп алгандыгын айтты. Кийинки окуу  жылынан баштап ОшМУнун студенттери жана окутуучулары Пуатье университетине барып, тажрыйба алмаша алышат. Англис же француз тил билүүсүнө артыкчылык берилет. 

Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев ОшМУнун студенттеринин француз тилин окууга кызыгуусу бар экенин, тилекке каршы эне тилинде сүйлөгөн адам жок болгондуктан Франциядан волонтер келип студенттер арасында француз тилин өркүндөтсө жакшы болорун белгиледи. Франсуа Делаус мырза бул маселени талкуулап, чечүүгө көмөк көрсөтүүгө убада берди.

Жолугушуунун соңунда тараптар билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүү боюнча иш алып барууну макулдашышты. Мындан ары эки тарап Эразмус+ программасы менен иштөөдө бири-бирине колдоо көрсөтөт.

2021-жылдын 28-октябрында Пуатье университети менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

 

Фото галерея