Мугалим-насаатчыдан бүтүрүүчүгө тажрыйба

Башкы Жаңылыктар

Мугалим-насаатчыдан бүтүрүүчүгө тажрыйба

Image

2022-жылдын 1-ноябрь күнү Орус филологиясы факультетинин  4-курстарынын студенттери  менен Орусиянын Агартуу министрлигинин “Чет өлкөдөгү орус мугалими” долбоорунун алкагында Ош шаарында эмгектенип жаткан орус тили жана адабияты мугалимдеринин жолугушуусу болуп өттү.
Мугалимдер Евелина Порываева, Марина Петрова, Ольга  Де, Наталия Сахарова, Алия Ишкина, Шамиль Ганиев орус тили сабагында оюн технологиялары, орус тили жана адабияты сабактарында мета-предметтик компетенцияларды  калыптандыруу,  ден соолукту сактоочу технологиялар, сабакта маалыматтык технологияларды колдонуу сыяктуу актуалдуу темаларда мастер-класстарды өтүштү. Орусиялык окутуучулар тажрыйбаларын бөлүшүү менен бүтүрүүчүлөрдүн ызыккан суроолоруна жоопторду беришти. Иш-чаранын соңунда студенттер орусиялык мугалимдер менен биргеликте Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы тынчтык жана достук үчүн флешмоб өткөрүштү. Жолугушууну Ош шаарындагы «Орус дүйнөсү» коомдук фондунун жетекчиси Мискичекова З.Я. уюштурду.

Фото галерея