Медиа Сабак: жаратабыз, чечебиз, үндөйбүз!

Башкы Жаңылыктар

Медиа Сабак: жаратабыз, чечебиз, үндөйбүз!

Image

2022-жылдын 3-4-ноябрь күндөрү Бишкекте сынчыл ой жүгүртүү аркылуу чыгармачылыкты өнүктүрүү урааны астында Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча III Борбордук Азия  конференциясы өтүүдө.
Ага окуу жайдын Журналистика кафедрсынын окутуучулары Зарина Маматжанова, Мээрим Осмонали кызы катышууда. Ошондой эле,  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан Тажикстан, Украина, Россия, Германия, Франция, Румыния, Финляндия, Монголия жана Вьетнамдан билим берүү тармагынын, жарандык жана медиа уюмдардын өкүлдөрү, тренерлер жана эксперттер да бар. 
Эки күндүк конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) элементтери менен офлайн жана онлайн форматта сабактарды өткөрүү, ММСти жайылтуу боюнча креативдүү долбоорлор, медиа сабаттуулукту баалоо боюнча изилдөөлөр, социалдык тармактардын колдонуучулары үчүн креативдүү иштеп чыгуулар жана ММСти билим берүүгө кийирүү боюнча мыйзамдык демилгелер менен маалымат бөлүшүшөт.
Конференциянын жыйынтыгында бул багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн тараптардын баарын бириктирген эл аралык MIL Promotion Alliance түзүлөт.
Медиа-сабаттуулук боюнча бул жолку III Борбордук Азиялык конференция Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык Министрлигинин, DW (Дойче Велле) Академиясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында “МедиаСабак” Фонду тарабынан уюштурулган.

Фото галерея