Дени сак адам – бакубат өлкө

Башкы Жаңылыктар

Дени сак адам – бакубат өлкө

Image

“Дени сак адам – бакубат өлкө”  мындай аталыштагы форум Ош облустар аралык балдар ооруканасында өткөрүлдү. Форумдун алкагында ОшМУнун дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун педиатрия бөлүмүнүн окутуучулары жана ординаторлору мастер-класстарга катышып, бөбөктөрдү дарылоо жолдорун үйрөнүштү.

Форумдун алкагында Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан жана АКШдан келген анестезиолог жана реаниматолог дарыгерлер өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Окутуудан өткөн дарыгерлер үйрөнгөнүн өз иш тажрыйбасында колдонуп, бул болсо ымыркайлардын перинаталдык өлүмүн  азайтууга салым кошот.

Наристелердин ден соолугу чың болушу үчүн медиктердин жаңы изилдөөлөрү жана тажрыйба алмашуусу чоң мааниге ээ. Буга байланыштуу форум  КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы неонатологу, дасыккан дарыгер Сагын Абдубалиеванын  демилгеси менен уюштурулду.

Фото галерея