ОКУТУУЧУЛАР СТОЛ ТЕННИСИ БОЮНЧА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛДЫ

Башкы Жаңылыктар

ОКУТУУЧУЛАР СТОЛ ТЕННИСИ БОЮНЧА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛДЫ

Image

4-6-ноябрда Бишкекте стол тенниси боюнча өлкө чемпионаты өттү.  Ага ОшМУнун Дене тарбия факультетинин окутуучусу Нурсултан Зарылбек уулу, Бизнес жана менеджмент факультетинин окутуучусу Айжан Эрмекбаева жана STEM инновациялык колледжнин окутуучусу Урматбек Саматов катышты. 
Турнирдин жыйынтыгы менен эркектер арасында Нурсултан Зарылбек уулу 3-орун, кыз-келиндер  арасында Айжан Эрмекбаева да 3-орунду алып, диплом медаль менен сыйланышты.
Ал эми эркектер жана кыз-келиндер  арасында  жалпы командалык көрсөткүчтө Бишкек шаары алдыңкы орундарды алды. Мелдешке  Ош, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Бишкектен 81 спортчу катышты.

Фото галерея