Ош шаарында мамлекеттик тилди өркүндөтүү багытында кереге кеңеш уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Ош шаарында мамлекеттик тилди өркүндөтүү багытында кереге кеңеш уюштурулду

Image

Ош шаарындагы  №52 Кыргыз-Түрк достугу мектеп-лицейинин базасында “Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясы жана технологиясын өркүндөтүү” аталышындагы кереге кеңеш болуп өттү. Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун жана Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде, мектептерде, жогорку окуу жайларда эмгектенген кыргыз тилчи мугалимдер катышты. Кереге кеңеш Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында ОшМУ, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.

Алгач Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гулнара Ибраимова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагул Телекманова, ЖАМУнун кафедра башчысы, ф.и.к, доцент Анара Кадырова куттуктоо сөзүн жолдоду. Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгынын аралыгында жасалган иштер, көйгөйлөр, сунуштарын айтышты.

Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясы жана технологиясын өркүндөтүү багытындагы  баяндамалар жасалып, талкуулар уюштурулду.

“Кереге кеңеш маалымат алмашуу, устаттардын кеңештерин угуу, тажрыйба бөлүшүү максатында уюштурулду.  Кереге кеңештин алкагында 2 көргөзмө уюштурулган. Биринчиси электрондук көргөзмө, анда 3 мүнөткө чейин чыгармачыл мугалим өзүнүн сабагынын жыйынтыктоочу бөлүгүн презентациялап берди. Экинчисинде акыркы 5 жылда мугалимдердин, окумуштуулардын кыргыз тилин окутууга арнаган негизги эмгектери, сабак мезгилинде көрсөтүлүүчү көрсөтмө куралдар  камтылды. Кереге кеңешменин жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда мындан ары да кыргыз тилинин деңгээлин кандай көтөрөбүз, кандай жаңы технологияарды колдонобуз деген маселелер камтылды”,- деди ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова.

 

Фото галерея