Нурга 30 жыл. А.Токсонбаев: "Окуяларды ыкчам чагылдырганга ыктаганбыз"

Башкы Жаңылыктар

Нурга 30 жыл. А.Токсонбаев: "Окуяларды ыкчам чагылдырганга ыктаганбыз"

Image

Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист:

Окуяларды ыкчам чагылдырганга ыктаганбыз

Мен агезде эркин журналист элем. Мага “Нур” гезитин жетектеп, анан дагы оңдоп-түзөп, туруктуу нукка салууну ошол кездеги ОшМУнун ректору Бакыт Бешимов сунуштаган. Агай менин чыныгы санаалашым болгондуктан, баш тарткан эмесин.

Редактор кезимде университеттеги орчундуу окуяларды ыкчам чагылдырганга, буга улай ЖОЖдун курамындагы түзүмдөрдүн оош-кыйыштарын  дагы кененирээк жазганга бекем ыктаганбыз.

Кийинчерээк ар кайсыл жылдарда республикалык “Асаба”, “Жаңы Агым” жана “Майдан” гезиттеринде, Эл аралык “Азаттык” үналгысында Түштүк аймактары боюнча кабарчы болуп үзүрлүү эмгектендим. Ошондо мага стеденттик “Нур” гезитинде эмектенген убакта топтогон тажрыйбамдын пайдасы куп гана тийди. Азыр деле ошондогу тажрыйбамды колдонуп, эмгектенем.

Кыргызстандын болочогу эсептелген студенттерге кайрылаарым: үзгүлтүксүз окуп. билимиңерди тынымсыз өркүндөткүлө? Эң башкысы: кесипти иргегенде, адашпагыла?!? Анткени, ал силердин келечегиңерди аныктайт.