Киноакадемиянын командасы ARTлигада биринчи

Башкы Жаңылыктар

Киноакадемиянын командасы ARTлигада биринчи

Image

КРдин Эмгек синирген артистти, актер маркум  Марат Жанталиевдин жаркын элесине арналган өнөрпоздордун  республикалык волейбол боюнча Сүймөнкүл Чокморов VII ARTлига турнирине ОшМУнун киноакадемиясынын студенттеринен куралган команда катышты. 
Турнирде жалпы 8 команда биринчилик үчүн таймашкан. Жыйынтыгында Киноакадемиянын командасы 1-орунду алып, кубок, диплом, акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Учурда ОшМУнун киноакадемиясында 50дөн ашуун студент окуйт. Алар сценарий жазуу, актердук чеберчилик, режиссердук жана оператордук иш боюнча билим алат.
Буга чейин  Киноакадемиянын студенттери окутуучулары менен биргеликте 2 кыска метраждуу кино тартып, 4 спектакл даярдап сахнага алып чыккан. Бир нече сынактарга катышып байгелүү орундарды алып келүүдө.

Фото галерея