Илим күнүнө карата ОшМУнун ректору К.Кожобековдун куттуктоосу

Башкы Жаңылыктар

Илим күнүнө карата ОшМУнун ректору К.Кожобековдун куттуктоосу

Image

Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин жана илим күнү менен ак дилимден куттуктаймын!

Өзүңүздөргө маалым болгондой, 10-ноябрь Илим күнү Кыргызстанда 2002-жылдан тарта белгиленип, туруктуу коомду түзүүдө илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатын көздөйт.

Мугалим бул кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын интеллектуалдык көрөңгөсү, педагогикалык акыл туюму, биз менен бир доордо жашап, эртеңди көрө билген көрөгөчтүгү - асыл адам экенин айгинелеп турат.  

Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинде 108 илимдин доктору, профессорлор, 2 Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттери, 20дан ашуун билим берүүгө, илимге, маданиятка “Эмгек сиңирген ишмерлер”, 475 илимдин кандидаттары, доценттер, 20дан ашуун PhD докторлор, 450гө жакын улук окутуучулар, 1500дөн ашуун окутуучулар эмгектенишет.

Ынтымактуу жамаат менен бирге, зор максаттардын үстүндө алдыга умтулуп жатабыз.

 ӨЗГӨЧӨ СТАТУС

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөдөгү алдыңкы 5 окуу жайга өзгөчө статус берилди. Анын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Өзгөчө макамдын негизги максаты - окуу жайды 4-муундагы университетке трансформациялоого өбөлгө түзүү болуп саналат. Президенттин тапшырмасы боюнча жакынкы 5 жылдын ичинде биз кескин кадамдарды жасап, дүйнөлүк рейтингдеги алдынкы  университеттердин катарына кирүүбүз керек. Өзгөчө статус алган окуу жайлар үчүн академиялык, финасылык жана башкаруу саясатынын эркиндигинин берилүүсү окуу жайдын бийик максаттарын ишке ашырууга толук мүмкүндүчүлүк түзөт.

Өлкөдөгү бир топ окуу жайлар кайра түзүлүп, айрым институт, академиялар университеттерге бириктирилди. Ушул ирилештирүү саясатына ылайык түштүк аймагында юристтерди даярдаган ири оку жай Ош мамлекеттик юридикалык институту, Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейи, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски аймагы менен бүтүндөй базасы ОшМУнун карамагына өттү. Бул мекемелердин аймагына ири курулуштарды баштап жатабыз.

ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР

  • Акыркы бир жылда 40тан ашуун окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, эл аралык байланышыбыз бир топ кеңейди. ОшМУ АКШ, Кытай, Малайзия, Германия, Франция, Польша, Түштүк Корея, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин бир нече  ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду.

КОШ ДИПЛОМДУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

  • Алгачкы жолу ОшМУда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби түзүлдү. Мында эки жыл ОшМУда, эки жыл башка чет өлкөдөгү окуу жайда билим алып, эки университеттин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
  • Кош диломдуу эл аралык биргелешкен билим берүү программалары Кытай, Россия, Казакстан өлкөлөрү менен ийгиликтүү ишке ашууда. Ал эми Испания, Түркия, Германия, Корея, Өзбекстандын бир нече  университеттери менен биргелешкен программаларды түзүү үстүндө иш-аракеттер жүрүүдө. Кош дипдомдуу билим берүү программаларынын саны 20га жакындап калды.
  • ОшМУ академиялык мобилдүүлүк жана интернационализация багытында дагы белгилүү ийгиликтерге жетүүдө. Жыл сайын 500гө жакын студент (магистрант), 300гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 282 университетке барып, окуп, тажрыйба алмашып келүүд

ЖАҢЫЛАНГАН ИНФРАСТРУКТУРА - ЖАГЫМДУУ АТМОСФЕРА

Өткөн окуу жыл ичинде ОшМУда 20дан ашуун окуу корпустар, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү:

  • Димедиус жана морфология окуу комплекси 2 кабаттуу эки окуу имаратынын курулушу,
  • ОшМУнун жогорку билим берүү программалар мектебинин 5 кабаттуу окуу имаратынын,
  • “Билим” лицейинин 3 кабаттуу окуу имараты курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди.
  • Медициналык клиниканын операциялык, жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрү, стоматологиялык клиника ишке кирди. Тез жардам унаасы алынды.
  • Медицина факультети толук капиталдык оңдоодон өттү.
  • “Ак-Буура” кампусунда спорттук аянтчалар занап талабына ылайык  модернизацияланды
  • Искусство факультетине кошумча кесиптик өзгөчөлүгүнө байланыштуу музыка адистигин даярдоого кошумча окуу корпусу курулуп жатат.
  • Учурда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде ветеринардык клиникасынын, “Ак-Буура” кампусунда 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусунун курулуштары башталды.
  • Дээрлик бардык факультет, колледждерде, структуралык бөлүмдөрдө оңдоп-түзөө иштери аяктады.

 

ОШМУ САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫН ИШКЕ АШЫРУУДА АЛДЫДА

Санарип чөйрөсүндө бардык кыймыл-аракеттер толук түрдө электрондук форматта ишке ашырууда:

Электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук айланма баракча, электрондук табель, электрондук оорукана, онлайн шайлоо системасы, “ОшМУ окутуучу”, “ОшМУ студент”, “ОшМУ абитуриент” тиркемелери реалдуу иш-аракеттерде колдонулуп жатат.

 

ОШМУ СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧЕКСИЗ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ОРДОСУ

          Университеттин негизги көрсөткүчү сапаттуу бүтүрүүчү болуп саналат.

  • Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык ОшМУда атайын ойлоп табуучулардын чоң ордосу болгон “Жаштар бизнес паркы” түзүлүп, иштей баштады.  Бул борбор студенттердин ойлоп тубууларын, долбоорлорун ишке ашырууга ыңгайлуу база болот.
  • “Университет-ОшМУ” волейбол кесипкөй кыздар профессоналдык  клубу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулган кыз-келиндер арасындагы клубдар аралык VIII ачык чемпионатында жана КР волейбол боюнча Президенттин кубогунда чемпион аталды. Аталган кыздар командасы түштүк аймагында жалгыз волейбол клубу болуп эсептелет. 
  • КРдин волейбол  боюнча жогорку лигасындагы клубдар аралык мелдеште ОшМУнун “Университет-ОшМУ” волейбол кесипкөй балдар клубу вице-чемпион аталды.
  • Студенттерди колдоо максатында олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет.

 

ДҮЙНӨЛҮК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯ ЖАНА РЕЙТИНГДЕРГЕ КАТЫШУУ

  • Эл аралык таанууга ээ болуш үчүн көз карандысыз аккредитацияга жана рейтингге катышуунун мааниси чоң. Бул багытта университеттин жамааты бир нече жылдан бери QS дүйнөлүк рейтингинде системалуу иштерди аткарууда.
  • Университетибиз НААР аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги  тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги” программасынын жыйынтыгы боюнча ГЕНЕРАЛДЫК  рейтингде катары менен 5 жыл 1-орунду камсыздап келүүдө.
  • «IAAR Eurasian University Rankings-2022» эл аралык рейтингинин жыйынтыгы боюнча  Ош мамлекеттик университети Евразия мейкиндигиндеги эң мыкты ТОП-3 университеттин катарына кирди.
  • Университеттин жамааты КРнын жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын ТОП-30 рейтингинде мыкты көрсөткүчтөргө ээ болууда. 2019-жылы 89, 2020-жылы 67, 2021-жылы 17, 2022-жылы 151 окутуучу НААР агенттиги тарабынан өткөрүлгөн ТОП-50 рейтингине киришти. Башкача айтканда Кыргызстан боюнча 300гө жакын окумуштуулардын ичинен 50 % ОшМУнун окутуучулары болуп саналат.
  • Мындан сырткары “Электрондук өздүк баракча” платформасы аркылуу ички рейтинг түзүмү аткарылып жатат. Бул системанын максаты эмгек акыга кошумча каражатты аныктоону диверсификациялоо аркылуу эффективдүүлүктү жогорулатуу, стимулдаштыруу жана илимий-изилдөө иштерине окутуучуларды тартуу болуп саналат. Кошулган сумманын өлчөмү профессордук-окутуучулук курамдын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө, топтолгон баллдын санына жараша болот.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 1912 окутуучу электрондук өздүк баракчага катталып, алардын 113ү балл топтоого жетишкен. Быйылкы жылы электрондук  өздүк баракчанын толтурулушу көбөйүүдө.

(таблицада көрсөтүлдү)

ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ- КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ

Төртүнчү муундагы окуу жай ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ- КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ - компоненттери бирдиктүү ишке ашырышы керек. Билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр, долбоорлор өндүрүшкө багытталып,  жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуусу абзел.

Жаңы окуу жылынан тарта окутуунун кредиттик технологиясын толук түрдө университеттин окуу процессине киргизип жатабыз.  Башкача айтканда студент өзү каалаган дициплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрөт. Ошондой эле студент тандаган кредиттик сааттары үчүн эркин төлөм жүргүзүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша окуу жүктөмдөрүн аткара алат. Бул кадамдар күчтүү атаандаштыкты жаратып, билим берүү сапатына түз таасир этет жана академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылат.

Жогорку окуу жайларга илим-изилдөө багытында өзгөчө талаптар коюлду. Ар бир изилдөө, илимий эмгектер жана долбоорлор өндүрүш менен тыгыз байланышта болуп, ЖОЖ-илим-өндүрүш компоненттери бирдикте ишке ашырылышы керек.

 

  • Акыркы эки жылда илимий долбоорлор үчүн 17 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

 

  • Алгачкы жолу 5 багытта PhD докторантура ачылып, иштей баштады.

 

  • Илимий журналдарынын  ишмердүүлүгү  Open  Journal  System (OJS) платформасына өткөрүлдү. Бул платформага журнал толук  киргенден тартып илимий журналдын  ишмердүүлүгү электрондошот. Башкача айтканда макаланы бергенден тартып, журналга чыкканга чейинки аракет электрондук негизде жүрөт.

 

  • Университеттин ички, Улуттук, эл аралык рейтингдерине  Scopus жана Web of Science базаларына катталган илимий журналдардан чыккан макалалар өз кезегинде окуу жайдын рейтинги жогоруу болуусуна көмөктөшөт. Аталган базалардагы индекстелген журналдардагы макалалар 2021-жылга  салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. (Scopus базадан чыкканы: 2021-жылы 25, 2022-жылы – 49). Алдыда илимий макалаларды эл аралык рейтингдин талаптарына шайкеш келтирүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

Окуу жайды өндүрүштүк университетке айлантуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү”  программасынын алкагында ОшМУда "Алдыңкы тажрыйба борбору" ачылды. Аталган долбоор Азия өнүктүрүү банкынан 1 млн. доллар гранддын эсебинен каржыланды.  Борбордун 1-кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери,  программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алган. Экинчи кабатында региондордогу колледждерден билимин жогорулатуу үчүн келген мугалимдер, конок лекторлор, академиялык мобилдүүлүк багытында келген студенттер үчүн конок бөлмөлөр бар. Ал эми калган бөлүгүндө студенттер үчүн жатакана жайгашкан. «Окуу-өндүрүштүк комплексттен»  комплекстен даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.

Долбоордун алкагында концерттик зал, №2 жатакана толук ремонттон өтүп, керектүү материалдык-техникалык база менен камсыздалды.

Урматуу кесиптештер, мугалимдердин улуу милдети-келечек ээлерин тарбиялоо. Жан дүйнөгө билим үрөөнүн сээп, эртеңки муунга заманбап билим менен улуттук нарк-насилди жуурулуштуруп, бийик духу, тунук акылы, адамдык сапаты менен айырмаланган мекенчил кадрларды тарбиялайт деп терең ишенем.

Буга чейинки жараткан ийгиликтерибизди сактап, жаңычылдыкка, бийиктикке чогуу умтулалы.

Ар бириңиздерге бакубат жашоо, иштериңиздерге чыгармачыл изденүү, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, ырыскы-бакыт каалайм.

Сиздерди терең урматтоо менен,

Ош МУнун ректору, профессор                       Кудайберди Кожобеков