Бишкекте сүрөтчү-педагог Мамыралы Эшбаевдин жеке сүрөт көргөзмөсү өтөт

Башкы Жаңылыктар

Бишкекте сүрөтчү-педагог Мамыралы Эшбаевдин жеке сүрөт көргөзмөсү өтөт

Image

 

ОшМУнун искусство факультетинин профессору, СССРдин жана КРдин сүрөтчүлөр Бирикмесинин мүчөсү, КРдин маданиятынын жана билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү-педагог Мамыралы Эшбаевдин Бишкек шаарында "Көз караш" деп аталган жеке сүрөт көргөзмөсү өтөт. 

Живапись жана графика боюнча жеке сүрөт көргөзмө 4-июль күнү саат 15-00 до Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде болот.

Мамыралы Эшбаев көптөгөн абройлуу көргөзмөлөрдүн дипломанты жана байге ээси. 2014-жылы Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы Улуттук музейде М.Эшбаевдин 55 жылдыгына арналган жеке көргөзмөсү өткөн. 
Борбор Азияда биринчи жолу КРнын Эл сүрөтчүсү, ОшМУнун профессору Мырза Оморкуловдун студенттик эмгектеринен окуу-методикалык музейин түзүп ачкан. Анын эмгектери Ош облустук көркөм сүрөт музейинде, Г.Айтиев атындагы Улуттук музейде сакталган. Андан тышкары  
 Кыргызстан, Орусия, Түркия, Индия, Австралия, Казакстан жана Өзбекстандагы жеке коллекцияларда сакталган.