"Авиценна" сыйлыгы тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

"Авиценна" сыйлыгы тапшырылды

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго эки элдеринин ынтымагын, окуу жайлар аралык кызматташууларды жана келечек муундардын ар тараптан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Өзбекстандын "Ибн Сино" коомдук фонду тарабынан "Авиценна" сыйлыгы тапшырылды.  Сыйлыкты тапшыруу аземи Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедовдун окуу жайга болгон иш сапарында орун алды.

Ушул жылдын 18-мартында "Ибн Сино» коомдук фонду, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Ташкент фармацевтикалык институту менен биргеликте Ташкент шаарында “Али ибн Сина жана заманбап фармацевтика тармагындагы инновациялар” аттуу VII эл аралык илимий конференция уюштурулган. Жыйынга ОшМУнун медицина факультетинин доценттери заманбап медицина жана дары чөптөр боюнча баяндамалары менен катышкан. Иш чаранын соңунда ОшМУнун ректоруна "Авиценна" сыйлыгы тапшырылган.

«Ибн Сино» коомдук фонду өз ишмердүүлүгүн улуттук жана эл аралык деңгээлде жүргүзүп келет.

Фонд Европа жана Азия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташып, анын ичинде руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө, жаштар менен иштөөгө үндөп келет