Ординаторлор мелдешти

Башкы Жаңылыктар

Ординаторлор мелдешти

Image

17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата, ОшМУ жаштары сергек жашоо үчүн бир айлыктын алкагында ОшМУнун Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун ординаторлору арасында спартакиада өткөрүлдү. 
Мелдеш спорттун волейбол, кичи футбол жана шахмат түрлөрү боюнча уюштурулду. Максаты ординаторлорду сергек жашоого үндөө, дене тарбия жана спортту пропогандалоо, ординаторлордун ортосунда достук мамилелерди жана ынтымакты арттыруу.
Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте спорттун 3 түрү боюнча эң коп упайды Стоматология адистиги топтоп жеңүүчү аталды. Жеңүүчүлөр диплом, кубок менен сыйланды. 
ОшМУнун  Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору 32  адистик боюнча угуучуларды    ординатурага  кабыл алып,  жогорку  кесиптик деңгээлдеги врач адистерди  даярдайт.

Фото галерея