Ректор Кудайберди Кожобеков студенттерди майрамы менен куттуктайт

Башкы Жаңылыктар

Ректор Кудайберди Кожобеков студенттерди майрамы менен куттуктайт

Image

Урматтуу жаштар! Кымбаттуу студент достор!

Сиздерди Студенттердин эл аралык күнү, майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жаштар — бул жаштык жигердин, жаңылануунун, өнүгүүгө багыт алуунун  негизги кыймылдаткыч күчү.

Биздин окуу жайдын студенттери-илимге, билимге ынтызар, активдүү, креативдүү, демилгелүү,  дилгир жаштардын катарын толуктайт.

Сиздер илим, билим берүү, спорт, маданият чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, куттуу окуу жайыбыздын  атын чыгарып, кадыр-баркынын өсүшүнө эбегейсиз салым кошуп келе жатасыздар!

Окуу жайдын жетекчиси катары мен да бүгүн жаштарды колдоп, сиздерге ишеним артып келем. Биз студенттерге билим гана бербестен тарбия берип, таланттарынын ачылышына ар тараптан колдоо көрсөтөбүз.

Учурда окуп, теориялык билим гана албастан өндүрүшкө аралашып, креативдүү долбоор менен иштөөгө, бизнес идеяларды иштеп чыгып, студент мезгилден кирешеге чыкканга шарттарды түзүп жатабыз. Анткени бизден билим алган студенттер – бул биздин окуу жайдын күзгүсү. Сиздер аркылуу окуу жайдын негизги көрсөткүчү аныкталат.  Андыктан сиздерден  жаӊы идеяларды күтөбүз, инновациялык долбоорлорду колдоону улантабыз.

Бул багытта окуу жайда Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык ойлоп табуучулардын чоң ордосу болгон “Жаштар бизнес паркы” түзүлүп, иштей баштады.  Бул борбор студенттердин ойлоп тубууларын, долбоорлорун ишке ашырууга ыңгайлуу база болот деп ишенем.

Спорт жаатында “Университет-ОшМУ” волейбол кесипкөй кыздар профессоналдык  клубу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулган кыз-келиндер арасындагы клубдар аралык VIII ачык чемпионатында жана КР волейбол боюнча Президенттин кубогунда чемпион аталды.

КРдин волейбол  боюнча жогорку лигасындагы клубдар аралык мелдеште ОшМУнун “Университет-ОшМУ” волейбол кесипкөй балдар клубу вице-чемпион аталды.

Студенттерди колдоо максатында олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет.

Ар жылы биздин окуу жайда гана эң мыкты 10 студент айына 100 АКШ долларында, бир жыл ичи 1200 АКШ доллар “Атуулдук стипендия” алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Быйылкы окуу  жылында окутуунун кредиттик технологиясын толук түрдө университеттин окуу процессине киргиздик.  Башкача айтканда студент өзү каалаган дициплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрө баштады. Ошондой эле студент тандаган кредиттик сааттары үчүн эркин төлөм жүргүзүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша окуу жүктөмдөрүн аткара алат. Бул кадамдар күчтүү атаандаштыкты жаратып, билим берүү сапатына түз таасир этет жана академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылат.

Урматуу студент достор! Биз көз ирмемдик тездик менен өзгөрүп, өнүгүп жаткан дүйнөдө атаандаштыкка дайым даяр болуубуз керек. Баарыңыздарды Студенттердин эл аралык майрамы менен куттуктаймын. Ар бириңиздерге тунук акыл-эс, мекенчилдик сезим, бакубат жашоо, ден соолук тилейм. 

         

Сиздерди терең урматтоо менен,

Ош МУнун ректору, профессор                             Кудайберди                                                                                                                      Кожобеков