Студенттер күнүнө арналган "Күз берекеси" кароо сынагы өттү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер күнүнө арналган "Күз берекеси" кароо сынагы өттү

Image

"Пайдалуу аракет вектору" программасынын алкагында 17-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата ОшМУнун жатаканалары арасында "Күз берекеси" аттуу кароо сынак уюштурулду.

 Майрамдык кече окуу жайдын Таланттар академиясынын ыр-күүлөрү, МИТ факультетинин автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын кызыктуу оюндары менен коштолуп, студенттерге жагымдуу маанай тартууланды. Кароо сынактын жыйынтыгында 1-орунду ээлеген  5-жатакананын командасына  5000 сом, 2-орунду  ээлеген 4 «Б» жатаканасынын командасына  4000 сом, 3-орунду ээлеген 4 «А» жатакана 3000 сом, калган активдүү катышкан жатаканалар 2000 сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Иш-чара окуу жайдын Аялдар кеңеши жана жатаканалар боюнча координатор тарабынан өткөрүлдү.

Фото галерея