Илим жана мугалимдер күнүндө министрликтердин төш белгиси менен сыйланган окумуштуулар

Башкы Жаңылыктар

Илим жана мугалимдер күнүндө министрликтердин төш белгиси менен сыйланган окумуштуулар

Image

Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, ийгиликтери, жетишкендикери үчүн ОшМУнун бир топ окутуучулары  төш белги, Ардак грамоталар менен сыйланышты.

 “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен:

 Математика жана информациялык технологиялар факультетинин математика жана информатиканы окутуу техникалары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын доценти, п.и.к. Аттокурова Анаркан Джалиловна

 

 “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен:

 Кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары, филолог.и.к., доцент Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевна

  Эл аралык мамилелер факультетинин философия жана политология кафедрасынын доценти, филос.и.к. Аматова Гулзат Урустамовна

 Математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын доценти, ф-м.и.к. Борбоева Гулниса Маматкановна

 Эл аралык медицина факультетинин анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасынын доценти, м.и.к. Кенешбаев Бекболот Капаевич

 Индустриалдык-педагогикалык колледжинин информациялык- коммуникациялык дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясынын окутуучусу Абжапарова Уру Алибаевна.

 

 “Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси” менен:

 Искусство факультетинин сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын доценти Тешабоев Умиджон Юрсунович.

 

“КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамы менен: Искусство факультетинин дизайн кафедрасынын улук окутуучусу Торогелдиева Кимия

 Искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын башчысы, доцент Мойдунов Жениш Толонович.

 

“КРнын Эмгек сиңирген артисти” наамы менен:

 Искусство факультетинин музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын улук окутуучусу Атабаева Жанылбүбү Турдубековна.

Окуу жайдын жалпы жамааты окумуштуулардын илимий ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалоо менен өлкөбүздүн билим берүүсүнө жана илимине эбегейсиз зор салымдарды дагы да кошо беришиңиздерге тилектештигин билдирет.

 

Фото галерея