85 жаштагы студент Мамат Кулматов окуу акысын төлөөдөн бошотулду

Башкы Жаңылыктар

85 жаштагы студент Мамат Кулматов окуу акысын төлөөдөн бошотулду

Image

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 1-курсунун студенти - 85 жаштагы Мамат Кулматов окуу үчүн акы төлөөдөн бошотулду.Буга чейин айына 2500 сом төлөп, шарты жок батирде жашап жаткан аксакалды окуу жай жатакана менен да камсыздады.
“Учурда шарты жакшы жатаканада жашап жатам. Мындай шартты окуу жай түзүп берди. Кубанып турам. Келишим боюнча жылына 45 миң сом төлөшүм керек эле. Эми акысыз окуйсуз дешти”, - деди Мамат Кулматов. Буга чейин окуу жайдын маалымат борбору Мамат Кулматов боюнча материалдарды жарыялаган. Анда ал 76 жашында  Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктагынын, ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырып, бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуусун аяктай албай калганын айткан. Быйыл окууга тапшырууну чечип, үй-бүлөөсүнүн колдобогонуна карабай билим алып жатканын билдирген эле.