ОшМУда көчмө сүрөт көргөзмө старт алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда көчмө сүрөт көргөзмө старт алды

Image

Ноябрь айында белгиленген Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө, Эл аралык студенттер күнүнө карата  “ОшМУ жаштары сергек жашоо үчүн!” аттуу бир айлык жарыяланган. Бир айлыктын алкагында жаштарды билим алууга, сергек жашоого, өнөр үйрөнүүгө, дени сак жашоого үндөгөн сүрөт сынагы өтүп, жыйынтыгы чыгарылды.

Сыйлоо аземине окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова катышып, сынакка кайдыгер карабай катышкан студенттерге ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

“Байге фонду 30 000 сом болгон сүрөт сынагынын бүгүн жыйынтыгын чыгардык. Жалпысынан 100 дөн ашуун эмгек келип түшкөн. Биз жаштардын кайдыгер карабай активдүү катышып бергендигине кубандык. Эми бул эмгектер ОшМУнун бардык факультет, колледждеринде, жатаканаларында көчмө көргөзмөдө коюлат. Максатыбыз жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, дени сак болууга, спортко үндөө болуп саналат. Бул сынактан сырткары бир ай аралыгында спорттук, маданий, маалыматтык иш-чаралар да өтүп жатат”,-деди студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Жылдыз Артыкова.

Сүрөт сынагында Искусство факультетинин студенттери Мансур кызы Нурия 1-орунду, Жыргалбай кызы Айгерим, Акылбек кызы Кундуз 2-орунду, Роза Базарбаева, Айзирек Муратова 3-орунду ээлешип, диплом, акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле 11 катышуучуга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилди.

Фото галерея